🇦🇹 Венада Кыргыз-Австрия Экономикалык байланыштар боюнча комиссиянын 9-жыйыны болуп өттү.
🤝 Кыргызстандын делегациясын Каржы министринин орун басары Руслан Татиков, ал эми австриялык тараптан экономика боюнча башкы директор Флориан Фраушер катышты.
🌍 Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга басым жасалды.
📈 Жолугушуунун катышуучулары учурдагы экономикалык абалды жана биргелешкен иштердин келечегин карап чыгышты, делегациянын ар бир мүчөсү долбоорлор боюнча өз сунуштарын айтышты.
💡 Өзгөчө көңүл кайра жаралуучу энергия, соода, инфраструктура, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармагындагы кызматташууга бурулду.
🏗️ Татиков австриялык инвесторлорду Кыргызстандагы Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири долбоорлорго катышууга чакырды.
✍️ Жыйындын соңунда протоколго кол коюлуп, Татиков кийинки жолугушууну Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.