🚧 Бишкекте маанилүү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолун реконструкциялоо иштери уланууда.
🛣️ Биринчи тилкеде (0-25 км) 24,3 чакырымда 1-кабат шагыл-мастик асфальтбетонду төшөө, 19-чакырымда экинчи катмарын төшөө иштери аяктап, темир жол көпүрөсү курулган. Ишти 2025-жылдын 1-январына чейин бүтүрүү пландалууда.
🔨 Экинчи участокто (25-71 км) биринчи катмары 14,6 чакырымга, экинчиси 3,2 чакырымга асфальт-бетон төшөлдү. Жумуштарды 2025-жылдын 8-апрелине чейин бүтүрүү күтүлүүдө.
🌍 Үчүнчү участокто (71-96,37 км) жер кыртышын тазалоо жана жээкти даярдоо иштери уланууда. Ишти аяктоо 2025-жылдын 30-июнуна пландаштырылган.
🛠️ Төртүнчү участогуна (96,37-126,37 км) 10,4 км аралыкка асфальт-бетондун биринчи катмары төшөлдү, иштер уланууда.
❄️ Бешинчи тилкеде (126,37-141,64 км) топурак жана бетон иштери жүрүп, кышкы сезонго даярдык көрүлүүдө. Ишти аяктоо 2025-жылдын 30-июнуна пландаштырылган.