🚨 Баткен облусунда бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды.
🐄 Баткен бажысынын кызматкерлери чек арачылар жана ветеринарлар менен биргеликте Ош-Баткен унаа жолунда керектүү документтери жок 1800 кг бодо малдын башын табышкан.
💰 Текшерүүнүн жыйынтыгында 7500 сом айып салынып, мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.
📜 Иштин материалдары мындан аркы чара көрүү үчүн Баткен райондук ветеринардык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
⚠️ Өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча токтомунун негизинде Бажы биримдигинин талаптарына жооп бербеген, табылган кооптуу продукцияларды утилизациялоо боюнча акт түзүлдү.