🇰🇬 Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында Беларуста салтанаттуу иш-чара өтүп, анда Кыргызстандын эл артисти Таалайбек Усубалиевге ыраазычылык кат тапшырылды.
🎨 Беларусь Республикасынын Маданият министри А.Маркевич жана Беларустун Улуттук сүрөт музейинин башкы директору А.Кононова Усубалиевге “Токтогон Алтыбасарова блокададагы Ленинграддын балдары менен – 1942-ж. ”
🖼️ 2020-жылы тартылган картинада кыргызстандык активист Токтогон Алтыбасарова согуш маалында Ленинграддан эвакуацияланган балдарды баш калкалаган маанилүү тарыхый учурду чагылдырып, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы байланышты билдирет.
🤝 Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланышты чыңдоо, каада-салттарды жана баалуулуктарды алмашууга көмөктөшүү максатын көздөйт.
🌍 Иш-чарада маданий мурастарды сактоонун жана элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленет.