Билал Шарип уулу күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду

Билал Шарип уулу Албанияда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медаль тагынды. Ал бир нече этаптан ийгиликтүү өтүп, анын ичинде Молдова менен Румыниянын балбандарын жеңип, чейрек финалда жеңилип калган. Кайталоо беттеште Билал бельгиялыкты жеңип, андан соң өзбекстандык спортчуну жеңип коло тагынды.

🥉 Билал Шарип уулу Албанияда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынды.

🤼‍♂️ Спортчу 65 кг салмакта күч сынашып, сапарын 1/16 финалдан баштады.

🏅 Биринчи кармашта молдавиялык балбан Павел Граурду 12:2 эсебинде ишенимдүү жеңип алган.

🏆 1/8 финалдык баскычта Билал румыниялык Даниэль М.Сандуга эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбай, 10:0 эсебинде жеңишке жетип, чейрек финалга жолдомо алды.

❌ 1/4 финалда орусиялык балбан Ибрагим Ибрагимов менен кез келип, тилекке каршы 8:2 эсебинде утулуп калды.

💪 Кайталоо беттеште Билал мыкты техникасын көрсөтүп, бельгиялык Ильяс Абдурашидовду 15:4 эсебинде жеңип, коло үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк берди.

🥇 Үчүнчү орун үчүн финалдык беттеште Билал Өзбекстандын спортчусу Умиджон Жалаловду жеңип, медаль тагынды.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x