🚌 Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортту жаңыртууну пландоодо.
🚍 Жакынкы айларда борбор калаага 68 жаңы Isuzu автобустары келет, алар бюджеттин эсебинен сатылып алынат.
⚡ 2025-жылдын биринчи кварталында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган 120 электробус келээри күтүлүүдө.
🚌 Ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын программасынын алкагында дагы 100 автобус сатып алуу пландалууда.
📈 Бүгүнкү күндө автопаркты жаңылоо 96%га жетти, бул шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча олуттуу аракеттерди көрсөтүп турат.