🇰🇬 Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желек бузулду деген кептер четке кагылды.
🛑 Мэрия тытылган желек боюнча социалдык тармактарга тараган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
👥 Вице-мэр Рамиз Алиев жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору жеринде желекти текшерип, анын абалы жакшы экенин тастыкташты.
📰 Мэрия жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын такталбаган маалыматтардан этият болууга жана коомчулукту адаштырбоого чакырат.
🔧 “Ала-Тоо” аянтындагы флагшток “Тазалык” ишканасынын кароосунда, быйыл 17 жана 6 жолу флагштокту калыбына келтирип, желек алмаштырууну жүргүзгөн.
🌬️ Катуу шамалдын кесепетинен желекке зыян келтирбөө үчүн министрлер кабинети бекиткен аны күтүүнүн өзгөчө тартиби белгиленген.