🏗️ Бишкекте жаңы Ош базарынын курулушу башталды.
🛠️ Долбоорду ишке ашыруу үчүн 59 га жер аянты бөлүнүп, ал жерде ар кандай кабаттагы 9 имарат тургузулат. Алардын ар бири соода жайлары, спорт залдары, мечиттер жана медициналык борборлор менен жабдылат.
🧊 Бардык имараттар колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн муздаткыч борборлор жана кампалар, ошондой эле эки жүк ташуучу лифт менен камсыздалат.
🚗 Келгендер үчүн унаа токтотуучу жай 12 га аянтка уюштурулуп, базардын жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат.
👷♂️ Учурда курулуш иштеринде “Ордо Курулуш” подряддык уюмунан 140ка жакын адистер иштеп, пайдубалын бекемдөө жана бетондоо иштерин жүргүзүүдө.
🏢 “Ордо Курулуш” компаниясы ири объектилердин, анын ичинде Бишкектеги жаңы Ак үйдүн курулушу менен белгилүү.
🔍 Курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү “Градстройсервис” ЖЧКсы ишке ашырат, ал эми заказчы – КР Президентинин жана Жогорку Кеңешинин иш башкармалыгы.
📅 Жаңы базардын ачылышы 2025-жылдын октябрына пландаштырылган жана долбоордо автобекет жана көп кабаттуу турак жайларды куруу да камтылган.