🚍 Бишкекте коомдук транспорттордо “Тулпар” төлөм системасы калыбына келтирилди.
🔧 2024-жылдын 23-октябрында системаны жаңыртууга даярдык көрүү максатында жүргүнчүлөргө тийгизген таасирин азайтуу үчүн түнкү саат 00:00дөн таңкы үчкө чейин созулган пландуу оңдоо иштери жүргүзүлдү.
⏳ Кылдат пландаштырылганына карабастан, иштин аяктоосу кечигип, айдоочулардын валидаторлордо нөөмөт ачууда убактылуу көйгөйлөрдү жаратты.
💡 Саат 09:30га карата мүчүлүштүктөр чечилип, төлөм системасынын бардык функциялары калыбына келтирилип, жүргүнчүлөргө коомдук транспортто чектөөсүз жүрө берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
💰 Система иштебей калган учурда жүргүнчүлөрдүн жол акысын башка жол менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, алар бекер жүрүүгө укуктуу болчу.
🤝 BPC KG компаниясы бул окуяга байланыштуу муниципалдык жүк ташуучулардын каржылык чыгымын төлөп берет жана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.