🏅 Бишкекте Кыргызстандын курама командасынын Олимпиада оюндарындагы көрсөткүчүнүн жыйынтыгы талкууланды.
📊 Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана спорт федерацияларынын өкүлдөрү Парижде өткөн ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарында спортчулардын ийгиликтери менен кемчиликтерин талдоо боюнча жыйын өткөрүштү.
🏋️♂️ Спорттук машыгууларды жана машыктыруу ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле келечекте жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн зарыл шарттарды түзүү боюнча сунуштар талкууланды.
🌱 Байсалов ийгиликке жетүү үчүн бардык тармактардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүнө, ошондой эле жаш таланттарды колдоо жана спорт инфраструктурасын жаңылоо зарылдыгына токтолду.
🤸♀️ Жолугушууда улуттун ден соолугун чыңдоо жана жаштарды спортко тартуунун артыкчылыктуу багыты болгон массалык спортту жана балдардын дене тарбиясын өнүктүрүү маселелери да талкууланды.
✅ Жолугушуунун катышуучулары өлкөнүн спорттук потенциалын мындан ары өнүктүрүү боюнча конкреттүү кадамдарды макулдашты жана коомду дене тарбияга тартуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.