🏆 Бишкекте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата спорттук мелдеш өтүүдө.
♟️ Иш-чаранын алкагында шахмат, шашки, волейбол жана стол тенниси боюнча мелдештер уюштурулууда.
🎓 Спартакиадага ар кандай угуусу жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектептердин жана мектеп-интернаттардын окуучулары, ошондой эле реабилитациялык борборлордун спортчулары катышты.
🥇 Жеңүүчүлөргө жана экинчи орунга ээ болгондор Эл аралык майыптар күнүнө арналган шаардык фестивалда медаль, диплом жана эстелик белектерге ээ болушат.
🤝 Спартакиаданын негизги максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомго аралашуусуна көмөктөшүү жана алардын спортко жана маданий турмушка катышуусуна бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.