🌊 Бишкекте Ала-Арча дарыясынын нугун тазалоо иштери кызуу жүрүп жатат.
🧹 “Бишкекзеленстрой” ЖКсы тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордун алкагында Семетей көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, Орто-Сай айылдарынан өткөн тилкелерди кошкондо дарыяны механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
🚜 Иш учурунда таштандылар, камыштар тазаланып, механикалык тазалоо ыкмалары колдонулат.
📏 Учурда дарыянын 12800 линиялык метри тазаланып, анын 2000 метри атайын техникалар менен иштетилди.
🚧 Операцияга эки экскаватор жана үч самосвал тартылган, бул процессти бир топ ылдамдатат.
🌱 Дарыяны механикалык тазалоо экосистеманы жакшыртууга жардам берет жана жаан-чачындуу мезгилде суу каптоо коркунучун азайтат.