Бишкектик дзюдочулар Нью-Йоркто өткөн турнирде мыкты жыйынтык көрсөтүштү

Кыргызстандык дзюдочулар Нью-Йоркто өткөн IJC FOUR SEASONS JUDO CUP эл аралык турниринде ийгиликтүү чыгып, төрт алтын жана бир коло медалга ээ болушту. Ратбек Адаминов, Умар Насирбеков, Байел Исмаилов жана Элим Муратбеков өз категорияларында жеңүүчү аталса, Данияр Казиев үчүнчү орунду ээледи.

🥇 Кыргызстандыктар Нью-Йоркто өткөн дзюдо боюнча эл аралык турнирде мыкты оюн көрсөтүштү.

🏆 26-27-октябрда өткөн IJC FOUR SEASONS JUDO CUP турниринде Кыргызстандын дзюдочулары бир нече байгелүү орундарга ээ болушту.

🥋 38 кг салмакта Ратбек Адаминов 1-орунду алса, 42 кг салмакта Умар Насирбеков жеңишке жетти.

🥇 50 кг салмакта Байэл Исмаилов да алтын алса, 55 кг салмакта Элим Муратбеков биринчи болду.

🥉 Данияр Казиев 100 кг салмакта 3-орунду ээлеп, команданын коллекциясын дагы бир медаль менен толуктады.

🌍 “Турнирге дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн эң күчтүү спортчулар чогулуп, биздин спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргошту”, – деп белгилейт Бишкек мэриясы.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x