🛒 Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт.
🌾 Иш-чара 2-3-ноябрь күндөрү өтүп, аны КР Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги шаардык мэрия менен биргеликте уюштурууда.
🤝 Жарманкенин негизги максаты – жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана агроөнөр жай ишканаларын колдоо, ошондой эле шаар тургундарына айыл чарба продукцияларын дүң баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
🍏 Жарманкеге катышууну каалаган жеке ишкерлер өз продукцияларын көрсөтө алышат, бул Кыргызстандын дыйкандарына кошумча шарттарды түзөт.
📍 Жарманке Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульварынан Тыныстанова көчөсүнө чейин (Темир жол вокзалы) өтөт.
📞 Кененирээк маалымат алуу үчүн 0702 702 000 номерине кайрылыңыз.