🪨 Бишкекте Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы кооптуу таштарды түшүрүү иштери башталат.
🚧 14-18-октябрга чейин Боом капчыгайындагы жолдун 128-чакырымында жолду таштардан тазалоо иштери жүргүзүлөт.
🕘 Иш саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлүп, ал эми жолду КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын кызматкерлери жарым-жартылай тосуп турушат.
🚦 Иш процессинде транспорт бир тилке менен жүрөт, ал эми 30-40тан ашык унаа топтолсо, транспорттун өтүшү үчүн иш убактылуу токтотулат.
🔒 Иш-чаралардын негизги максаты – таш кулоо менен байланышкан кооптуу кырдаалдардын алдын алуу.