Бишкекте 23-24-ноябрь күндөрү социалдык маанидеги продукциялардын жана товарлардын жарманкеси өтөт. Иш-чара Суу чарба министрлиги менен мэрия тарабынан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу максатында уюштурулууда. Жарманке Н.Жетикашкаев жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүндө өтөт. Өз продукциясын сатууга жеке ишкерлер жана фермерлер чакырылат.
Алматыда өтүп жаткан “FoodExpo Qazaqstan 2024” Борбор Азия көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук стенди ачылды. «Бай Элим» жана «Кордай сүт» ишканалары өндүргөн продукциялары үчүн 1-даражадагы дипломдорго ээ болушту. Көргөзмө 13-ноябрдан 15-ноябрга чейин уланып, анда кыргызстандык 16 компаниянын продукциясы коюлган.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери Иракта өткөн кулинардык мелдеште мыкты чыгып, 4 алтын жана 1 коло медалга ээ болушуп, эң мыкты командалык көрсөткүчтү камсыз кылышты. Бул компаниянын эл аралык гастрономиялык сынактарга биринчи катышуусу эмес, алар буга чейин да олуттуу ийгиликтерге жетишкен.
Кыргызстанда 9 негизги азык-түлүк бекитилген, анын 7си толугу менен өлкөнүн ичинде өндүрүлөт. Өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли өзгөрүп турат: картошка жана жашылча 150%дан ашат, ал эми кант жана өсүмдүк майы өзүн-өзү камсыздоонун жарымынан азы. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары калктын муктаждыктарына байланыштуу жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо чараларын көрүүгө чакырды.
Бишкектеги No4 кесиптик лицейи корей жана азия ашканасынын ашпозчуларын даярдоо боюнча долбоорго жеке өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыялады. Сынак эки этапта өтүп, катышуучулар квалификациялык талаптарга жооп бериши керек. Толук маалымат МЖӨ борборунун веб-сайтында жеткиликтүү.
20-сентябрдан 22-сентябрга чейин Бишкекте Борбор Азиялык өндүрүүчүлөрдү бириктирген органикалык продукциянын жарманкеси жана көргөзмөсү өтөт. Келгендер органикалык жашылчалар, мөмө-жемиштер, бал жана башка азыктар менен таанышып, мастер-класстарга катыша алышат. Иш-чара органикалык айыл чарбасын илгерилетүү жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.
Нарын облусундагы биринчи эт фестивалы «EtFest» кыргыз маданияты менен гастрономиясын бириктирген жүздөгөн катышуучуларды чогултту. Иш-чаранын алкагында мастер-класстар, уникалдуу тамактар жана жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүлүп, аймактагы туризмди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды.
Нарында өтө уникалдуу "EtFEST" фестивалдары юштурулууда, анда кыргыздын бай тамак-аштары жана кол онорчулук буюмдары көрсөтүлөт. Госттор кулинардык мастер-класстарга катып, улуттук эт тамактарын даярдоонун сырларын уйронушот. Фестиваль Кыргыз маданиятын жана табиятын чагылдырып, Нарындын туристтик мумкунчулукторун арттырат.
KFC жаны рестораны Калыка Акиева көчөсүндө, "Октябрь" кинотеатрынын жанында ачылды. Бул жер шаардыктар үчүн дем алышты өткөрүүчү идеалдуу орун болуп, студент жана жаштар үчүн кызыктуу тамактануу мүмүкүнчүлүгүн сунуштайт. Ресторан 160 орун бар, ал эми менюда KFC'нин белгилуу тамактары бар.
Париждеги Олимпия айылында Кыргызстандын спортчулары үчүн атайын меню даярдалган. Ашкана йогурт, жемиш десерттери жана шорпо сыяктуу тамактар бар. Бирок, спортчуларга диетолог жана психолог жок, бул алардын даярдыгын кыындатууда.