🍽️ Бишкектеги No4 Кесиптик лицейи корей жана азиялык ашканалардын ашпозчуларын даярдоо долбооруна жеке өнөктөштү тартуу боюнча сынакты баштайт.
📋 Сынак эки этапта өткөрүлөт: биринчиден, катышуучулар белгиленген талаптарга жооп берген квалификацияга арыздарын тапшырышы керек.
🔍 Экинчи этапка – жеңүүчүнү тандоого квалификациялык тандоодон өткөн компаниялар же консорциумдар гана катыша алышат.
🌐 Сынактын толук шарттары жана талаптары менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтынан таанышууга болот.
📞 Кошумча маалымат алуу үчүн №4 кесиптик лицейге көрсөтүлгөн байланыштар боюнча кайрылсаңыздар болот.