• Футболчу Мирбек Ахматалиев командалашынын жаракатына байланыштуу кармалып, СИЗОго камалды.
• Окуя Бишкектеги «Сельмаш» стадионунда болуп, мушташуудан улам клубдун легионери Евгений Терзинин жаагы сынган.
• Ахматалиевге кылмыш иши козголуп, «Мурас Юнайтед» футболдук клубу аны менен эмгек мамилесин токтотту.
• Кыргызстан футбол союзунун дисциплинардык комитети Ахматалиевге ар кандай футболдук ишмердүүлүккө катышууга беш жылга тыюу салды.
• Футболчу УКМКнын Тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн чечими менен 2024-жылдын 22-сентябрына чейин камакта болот.