🥇 Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын казак күрөшү боюнча курама командасы 4 медаль утту.
🥈 Эркектер арасындагы турнирде 55 кг салмакта Кимал Оболбеков жана 82 кг салмакта Шатман Эсенбек уулу күмүш медалга ээ болушту.
🥉 Байбол Саламат уулу 66 кг салмакта 3-орунду ээлеп, команданын коло медалын толуктады.
👩🦰 Кыз-келиндер арасындагы турнирде 48 кг салмакта Луиза Асакеева күмүш байгеге ээ болду.
🏆 Команда машыктыруучулар Бексултан Абдыкерим уулу жана Ильичбек Дыйкановдун жетекчилиги астында оюн көрсөтүп, ийгиликтүү жыйынтыктарга салым кошту.