🚨 Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинде 414 миллион сомдон ашык каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.
📊 Аудиттин жүрүшүндө мыйзам бузуулардын жалпы суммасы 414 547,4 миң сомду түзүп, анын ичинен 154 180,0 миң сом компенсация төлөнүүгө тийиш экендиги аныкталды.
💰 Анын ичинен 78 200,1 миң сому калыбына келтирилген, бул аныкталган мыйзам бузуулардын бир бөлүгү гана.
📉 Негизги мыйзам бузуулар бюджетти түзүү жана кароого байланыштуу болуп, анда мыйзам бузуулардын суммасы 10314,4 миң сомду түздү.
📜 Бюджеттерди аткарууда дагы 150 478,2 миң сомдук кемчиликтер аныкталып, анын 41 626,7 миң сому компенсацияланууга тийиш.
🏢 Бузуулардын олуттуу бөлүгү мүлктү пайдаланууга байланыштуу – 123 839,4 миң сом, анын 87 255,2 миң сому кайтарылууга тийиш.
📑 Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулукта 89191,1 миң сомдук мыйзам бузуулар да катталып, 24539,0 миң сомду кайтарып берүү талабы коюлган.
🛒 Мамлекеттик сатып алуулар тармагында 39 053,6 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталып, анын 336,3 миң сомуна компенсация төлөнүүгө тийиш.
📋 Аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөр жана сунуштар жөнөтүлдү.