11 жаштагы кыргызстандык Илим Качкынов турок президенти Реджеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлык алган. Бул сыйлык анын дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионатта жеңишке жеткенине байланыштуу берилген.

Сыйлык тапшыруу аземи турок фондунун он жылдыгын белгилөө максатында Анкара шаарында өткөн.