Дем алыш күндөрү алдында күйүүчү майдын баасы туруктуу бойдон калды. "Kaktus.media" басылмасы жаңы жумада күйүүчү-майлоочу материалдардын баасында олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөй турганын билдирди.
Аталган басылманын маалыматы боюнча, Кыргызстанда күйүүчү майдын бардык түрүнүн баасы 10-августка карата да өзгөрүүсүз калган. Акыркы жолу баа жогорулоосу июль айынын аягында байкалган.







