Талас облусунун Айтматов районунда жашоочуларды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, бул багытка 300 млн сом бөлүндү.

Каражат бөлүнөрү тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровдун регионго болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду. Визиттин алкагында мамлекет башчысы Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Айылдык калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга 300 млн сом каралган
мамлекет башчынын жумушчу сапары тууралуу билдирүүгө ылайык

Суу менен камсыздоо боюнча иштер Айтматов районунун жети айылын камтыды.