CNN телеканалы жазгандай, АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясы менен өзөктүк келишимге кол коюу үчүн Эр-Рияддын Авраам келишимдерине кошулуусун шарт кылган. Бул билдирүү АКШ администрациясында да, Сауд Арабиясынын өкүлдөрүнүн арасында да түшүнбөстүктү жаратты.
Трамп ошондой эле, Сауд Арабиясына уран байытууга мүмкүндүк берет деген божомолдорду четке какты. Ал журналисттерге бул маселени документти даярдоого катышкан энергетика министри Крис Райт менен талкуулабаганын билдирген. Президенттин айтымында, баарына башынан эле Сауд Арабиясы Израил менен мамилелерди жөнгө салмайынча келишим болбой турганы белгилүү болгон.
Ошол эле учурда, АКШнын Энергетика министрлиги бардык иш-аракеттер Ак үй жана Мамлекеттик департамент менен макулдашылганын ырастайт.
CNN булактары Ак үй Энергетика министрлигинен келишимди жарыялабоону суранганын, бирок Райт аны коомчулукка жарыялаганын билдирет. Трамптын айрым жардамчылары керектүү документтер Конгресске жөнөтүлө элек болгондуктан, келишим толук бүтө элек деп эсептешет.



