«Ала-Арча» улуттук паркында заманбап куткаруучулук станция куруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси Канатбек Чыныбаев билдирди.
Министрдин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Президенттин иш башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жаңы түзүлө турган станция өзгөчө кырдаалдар учурунда куткаруучулардын, милициянын жана медицина кызматкерлеринин иш-аракеттерин координациялоону жакшыртууга жана туристтерге ыкчам жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Станциянын курулуш мөөнөтү боюнча азырынча так маалымат берилген эмес.
Буга чейин Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов бир нече жыл мурун альпинисттер «Ала-Арчада» альпинисттик-куткаруучу борборду түзүү маселесин көтөргөнүн, бирок ал кезде бул демилгеге көңүл бурулбаганын айткан болчу.










