Кыргызстанда ишкердикти өнүктүрүү максатында мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп, инвесторлор үчүн шарт түзүлүп келет. Ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бир катар ишкерлер өлкөбүздө жаңы ишканаларды ачып, жумуш орундарын көбөйтүшүүдө.

«Алдос Текстиль»: жаңы өндүрүш жана жумуш орундары

Текстиль тармагындагы ишкерлердин арасында «Алдос Текстиль» компаниясы өзүнүн инвестициялык долбоорун ишке ашырууда. Компания 2024-жылдын октябрь айында Токмок шаарында 31 гектар жерди арендага алып, азыркы учурда өндүрүштүк объектилерди курууда.

Кемелбек Норузбековдун айтымында, долбоордун жалпы инвестициясы 1 млрд 700 млн сомду түзүп, өндүрүштүн толук ишке кириши менен 400дөн 500гө чейин жумушчу орун түзүлөт.

«Биз мамлекеттин берген 31 гектар жерин натыйжалуу пайдаланып, текстиль цехтеринен тышкары, айнек профили, газоблок жана модульдук үйлөрдүн өндүрүшүн уюштурабыз», – деди ал.

Компания өндүрүлгөн продукцияны ички рынокто гана эмес, тышкы базарларда да сатуу планы бар.

Долбоордун негизги көрсөткүчтөрү

1 млрд 700 млнсом инвестиция
31гектар жер арендага алынган
400–500жумушчу орун түзүлөт

Бул долбоор өлкөдө өндүрүштүн кеңейишине салым кошуп, экономиканын өсүүсүнө жана жаңы жумушчу орундардын пайда болушуна өбөлгө түзөт.