Жалал-Абад облусунун Аксый районунда жайгашкан Авлетим токой чарбасында чочко кабандын тобунун кыймылы катталды. Жаныбарлардын видеожазусу адистер тарабынан жа дил фаунаны коргоого жана мыйзамсыз аңчылыкты алдын алууга багытталган рейддердин жүрүшүндө алынган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, жаныбарлардын мындай санда болушу оң динамиканын индикатору болуп саналат. Бул региондо биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык балансты кармоо боюнча чаралардын натыйжалуулугун тастыктайт.
Адистер популяциянын өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жүргүзүлүп жаткан жаратылышты коргоо иштеринин сапаты менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгилешет. Мамлекеттик коруктарда жана токой чарбаларында жаныбарларды браконьерликке каршы коргоо жана алардын табигый көбөйүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча иш-чаралар туруктуу негизде ишке ашырылып турат.







