Баткен облусунун Лейлек районунда жабайы жаныбарлар тоолордон түшүп, үй малдары менен чогуу жайылып жаткан учур байкалууда. Тоолуу жерде мал жайып жүргөн киши эки Северцов архарын көрүп, аларды видеого тартып калган. Ал видеону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгына жеткирди.

Видеодо эки жабайы архардын үй малдарынын арасында тынч жайылып жүргөнү көрүнөт. Бул көрүнүш жаратылыштын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн маанилүү болгон архарлардын популяциясын коргоо зарылдыгын дагы бир жолу эске салат.

Баткен облусундагы архарлардын абалы

144архардын саны
2025эсептелген жылы

Министрликтин Баткен облусу боюнча аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын аягында жүргүзүлгөн эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аймакта жабайы жаныбарлардын төмөнкүдөй саны катталган: