Кыргызстандын аймактарындагы, анын ичинде Баткен облусундагы мектептердин чечилбей турган маселелери 2028-жылга чейин чечиле турган болжолдонууда. Бул маалыматты Президент Садыр Жапаров 11-октябрь күнү Сулюк жана Лейлек райондорунун тургундары менен жолугушуу кезинде билдирген.
Мемлекет башчысынын айтымыша, профилдик министрлик мектептерди педагог кадрлары менен камсыздоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Бул жолугушуунун алдында, Президент Садыр Жапаров 11-октябрь күнү жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барды.













