Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин иши коркунучтуу абалга келип калды. Депутат Исманали Жороев прокуратуранын көрсөтмөсү боюнча депутаттарды айып пул салуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, бул жагдай айыл өкмөтүнүн ишин токтотуп коюшу ыктымал.

7 000 сом айып пул

Депутаттар декларация тапшыра электиги үчүн ар бирине ушунча сумма салуу пландалууда.

Жороев депутаттардын коомдук негизде, эч кандай айлык акы албай иштеп жатканын баса белгиледи. Учурда айыл өкмөттөрү бюджеттик дотацияларга көз каранды болгондуктан, кворумдун жоктугунан улам кызмат көрсөтө албай калышы мүмкүн.

Депутаттар кеткиси келсе, кворум болбойт. Айыл өкмөттөрү иштебей калат. Жарандар айлык албагандыктан депутат болууга каалабайт.
Исманали Жороев

Бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик органдарга жардам берүүгө чакырык айтылды. Анткени азыркы шартта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын толуктоо кыйын болуп жатат.