17-ноябрда Жогорку Кенештин финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева бюджеттин өсүшүнүн себептерин түшүндүрдү. Депутат Гульшаркан Култаеванын суроосуна жооп берген министр, 2026-жылы ведомствонун бюджети 54 млрд сом болсо, 2027-жылы ал 89,7%га өсүп, 105 млрд 39 млн сомду түзөөрүн белгиледи.
Бюджеттин өсүшүнүн негизги себептеринин бири — Бишкек шаарындагы мектептердин каржылоо тартибинин өзгөрүшү. Мурун жергиликтүү бюджеттен каржыланган бул мектептер эми республикалык бюджеттин эсебинен төлөнө баштайт.
Бюджет54 млрд сом105,04 млрд сом +95%
Министрдин билдирүүсүнө ылайык, каражаттардын негизги бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысына жана окуучулардын тамактануусуна жумшалат. Ошондой эле мектептерди оңдоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо максатында каражаттар бөлүнөт.
Бюджеттин негизги багыттары
- Тамактануу үчүн бир жолуга 40 сомго көтөрүү эсебинен жалпы 2 млрд 850 млн сом бөлүндү
- Коммуналдык кызматтар үчүн 553,7 млн сом
- Үй чарбалык маселелер жана көмүр сатып алуу үчүн 103,2 млрд сом
- Лабораториялык жабдуулар, интерактивдүү панелдер жана ноутбуктар үчүн 3 млрд сом
Окуучулардын тамактануусу боюнча депутаттын суроосуна Кендирбаева тендерлерди райондук билим берүү бөлүмдөрү өткөрөрүн айтты. Бул учурда Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте бекитилген меню эске алынат. Мындан тышкары, бюджетти жарыялоо үчүн 1,5 млрд сом, ал эми Президенттин туруктуулук фондунан кошумча 8,5 млрд сом каралган.










