КР Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, 2-ноябрда Бишкекте кыргыз профессионалдык театрынын жүз жылдыгына арналган майрамдык концерт өтөт. Бул масштабдуу иш-чара Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянтта өтөт.
Кечки программа театрлаштырылган көрүнүштөн башталып, андан кийин кыргыз эстрадасынын белгилүү аткаруучулары катышкан концерт пландаштырылган. Иш-чарага кирүү эркин.
- Асылбек Өзүбеков
- Бек Борбиев
- Курал Чокоев
- Жийдеш Идирисова
- Жанар Туратова
- Малика Дина
- Бегиш
- Миран Жанарбаев
- Эра
- Эламан Каныбеков
- Насип Мырза
- «Мета» тобу
Борбордун тургундары жана коноктору жаркын маданий окуя боло турган майрамдык кечке катышууга чакырылат.









