Эки күн бою, 20 жана 21-ноябрда, борбор шаардын бардык райондорунда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын күчү менен таштандыларды массалык түрдө чыгаруу уюштурулат. Шаар тургундарына топтолуп калган турмуш-тиричилик таштандылардан, ошондой эле керексиз буюмдардан жана күнүмдүк турмушта колдонулбай калган ири көлөмдөгү таштандылардан арылуу сунушталат.
Бишкек мэриясы шаар тургундарын топтолуп калган таштандыларды чыгарууга чакырат
Акцияга катышуу үчүн шаар тургундары таштандыларды жума же ишемби күнү таштанды контейнерлери турган алачактарга чыгарышы керек. Андан кийин «Тазалык» МИнин кызматкерлери атайын техникаларды тартуу менен аларды ташуу иштерине киришет.
Мэрия бул иш-чара бир жолку мүнөзгө экенин баса белгиледи. Анын максаты — тургундарга короолорунда жана чектеш аймактарда тазалыкты сактоого жардам берүү, ошондой эле шаарды топтолуп калган ири көлөмдөгү таштандылардан тазалоо.









