Дүйшөмбү күнү, 9-ноябрда, Бишкектин айрым турак жай массивдери жана көчөлөрү электр энергиясыз калат. Бишкек электр тармактары ишканасы билдиргендей, убактылуу чектөөлөр пландалган оңдоо иштерин жүргүзүү жана жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзүү зарылчылыгы менен байланыштуу.

Чыгыш РЭС

  • саат 9:30дан 13:00гө чейин — Восток-5 мкр. (№2/3, 4/3, 5/3, 6/3, 7/3, 8/3 үйлөр)
  • саат 12:00дөн 15:00гө чейин — Кийизбаева, Армейская көчөлөрүнүн үзүндүлөрү жана Восток-5 мкр. (№25Б, 12/2, 23/2 үйлөр)
  • саат 14:00дөн 17:00гө чейин — Асанбай мкр. (№8, 8/3, 2, 3, 4, 9, 10, 11 үйлөр)
  • саат 15:00дөн 17:30га чейин — Артемовская, Передовая, Армейская көчөлөрүнүн үзүндүлөрү

Батыш РЭС

  • саат 9:00дөн 12:00гө чейин — Каракумская, Корейская, Султан Боромбай, Репин көчөлөрүнүн, Дэн Сяопин пр. жана Оттукский тар көчөсүнүн үзүндүлөрү
  • саат 9:00дан 17:00гө чейин — Ак-Орго турак жай массиви (Кербез, Ай-Кочо, Алты-Бакан, Мажурум-Тал, Ашар, Жаныл-Мырза, Курманжан Датка, Ак-Моор, Арабаева, Таттыбубу көчөлөрү)
  • саат 12:00дөн 17:00гө чейин — Ташаузская, Курчатов көчөлөрүнүн үзүндүлөрү
  • саат 13:00дөн 17:00гө чейин — Чокморов, Шевченко, Турусбеков, Московская көчөлөрүнүн үзүндүлөрү

Түндүк РЭС

  • саат 9:00дан 14:00гө чейин — Дордой турак жай массиви (№85 үйүнөн №889А үйүнө чейин), №103 үй (Дордой-Ибраимова-2), №106 үй (Дордой-Ибраимова-3), №43К, 83, 108, 122, 150, 164А үйлөр (Дордой-Ибраимова-4)
  • саат 9:00дан 14:00гө чейин — Красный строитель турак жай массиви (Гончарная, Рабочая, Бельская, Менделеева, Жилгородок, Дубосековская, Сары-Челекская, Набережная көчөлөрү жана Рабочий, Ракетный, Ак-Терекский тар көчөлөрү)
  • саат 9:00дан 14:00гө чейин — Тендик турак жай массиви