25-июлда Бишкек шаарында 44 жаштагы Раушан Тыныстанова үйүнөн чыгып, кайтып келген эмес. Анын дайын жок болуп жатканы тууралуу Свердлов районунун ИИБ билдирип, окуя КЖИБке катталган.

Раушандын бою болжол менен 157 сантиметр, арык дене түзүлүшүндө. Ал II топтогу майып жана укпай, сүйлөй албайт.

Жоголгон күнү Раушан кара көйнөк кийип, сандалий кийген.

Үй-бүлөсү жана туугандары издөө иштерине кайрылып, анын качандыр бир жерде кездешсе же аны көргөндөр болсо, 102 номуруна кабарлоону өтүнүүдө.