Бишкек шаарында жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу жана уруксатсыз курулуш аракеттерине каршы күрөшүү күчөтүлөт. Ага ылайык, тиешелүү мекемелер күнүмдүк негизде рейддерди уюштуруу тапшырмасын алды.

Рейддердин максаты — мыйзамсыз аракеттерди эрте аныктоо жана аларга каршы чара көрүү. Бул иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн аэрофотосүрөт материалдары да пайдаланылат.

Маалыматка караганда, рейддер шаар аймагында мыйзам бузуу фактысын алдын алуу жана жооптуулукту күчөтүү үчүн өткөрүлөт.