Бишкекте Айтматов проспектиси менен Сухомлинов көчөсүнүн кесилишинде коомдук транспорт катышкан окуя болду. Электробус эки кроссовер менен кагылышып, андан кийин унаа жолдун четинэ чыгып кетти.
«Кабар» агенттигинин маалыматы боюнча, кагылышуунун натыйжасында адамдар жабыркады. Окуя болгон жерде жардам көрсөтүп жаткан эки врач бригадасы иштеп жатат.










