2026-жылдын жай мезгили «Мадина» рыногу үчүн абдан окуялуу болду. Алгач аймактагы бир нече кафелер жабылып, андан кийин бузулган. Күчтүү жамгырдан кийин рынок суу басып, июль айында бийлик тарабынан реконструкциялоо жана ишкерлерди башка жерге көчүрүү пландары жарыяланган. Бирок рыноктун жабылышы акыркы мүнөттө кечиктирилген, ал эми август айынын аягында аймакта чоң өрт чыккан.

Санитардык текшерүү жана айып пулдар

8-июнда Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору рыноктун аймагындагы сегиз кафени убактылуу жабуу жөнүндө билдирген. Адистер «Райхан», «Асанбувак», «Мадина», «Атуш-1», «Атуш-2», «Чабандес», «Бистро» жана «Урумчи» кафелерин кезектеги эмес текшерүүдөн өткөрүшкөн.

Текшерүүдөгү көрсөткүчтөр

80смыв алынды
16даяр продукциянын пробасы
12протокол түзүлдү
142 000айып пул (сом)

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, алынган сыноо үлгүлөрү санитардык-микробиологиялык изилдөөлөр үчүн жөнөтүлгөн. Аны менен бирге, аныкталган мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 142 миң сомду түзгөн 12 протокол түзүлүп, сегиз ишкананын иши убактылуу токтотулган.

Кафелердин бузулушу

Текшерүүлөрдөн бир нече жума өткөндөн кийин, мекемелерди убактылуу жабуудан алар демонтаждалоого чейинки этапка өткөн. 29-июндан баштап масштабдуу иштер жүрүп, 30-июнь күнүнө карата кафелер жана тамак-аш берүү пункттары бузулган.

Ишканалардын ээлерине жайларды бошотуп, жаңы соода түйүндөрүнө көчүп кетүү зарыл экендиги жөнүндө мурда билдирилген. Бул иштер жүрүп жаткан учурда, кафелер менен бирге рыноктун өзүнүн да жабылышы же бузулушу мүмкүн деген ушактар тараган.

  1. 8-июнь

    Сегиз кафе санитардык текшерүүдөн кийин жабылды

  2. 29-30-июнь

    Кафелер жана тамак-аш пункттары бузулду

  3. Августтын аягы

    Рыноктун аймагында чоң өрт чыкты