Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылынын жашоочусу ичүүчү суунун сапаты боюнча көйгөйдү айтып чыкты.
Анын билдирүүсүнө ылайык, айылдагы крандардан ылай суу агып, анын курамында ар кандай таштандылар бар. Суунун мындай абалы аны ичүүгө жана үй чарбасында колдонууга жараксыз кылууда.
Ошондой эле, айылда суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, жашоочулар суусуз калган учурлар да көп кездешет. Бул жагдай жергиликтүү калкка олуттуу ыңгайсыздыктарды жаратууда.
Жашоочулар тиешелүү органдардан бул көйгөйгө көңүл буруп, айылдагы ичүүчү суунун сапатын текшерүүнү суранышууда.







