Жогорку Кеңештин заседаында депутат Алишер Козуев билим берүү мекемелерине жеткирилген көмүр сапатын текшерүү боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Комиссиялар райондук же облустук деңгээлде иштеп, социалдык объектилердин кышкы шарттарга даярдыгын баалоого жардам берери деп болжолдонууда.

Депутаттин айтымыша, кээ бир мектептерге жеткирилген көмүр сапаты төмөн болуп калууда, ошондуктан жыл сайын мектептердин жана класстардын жетиштүү жылуулугу маселеси пайда болуп жатат.

Алишер Козуев өз сөзүндө, «Ар кандай подряддык уюмдар аркылуу сатып алынып жаткан көмүрдин азыркы сапаты кандай? Мектеп жетекчилеринин арасынан арыздар келип жатат. Учурда октябрь айы, эртең кыш келет. Алдын ала райондук же облустук комиссия түзүп, мектептердеги көмүр сапатын текшерүү жакшы болот» деп айтканы белгилүү.