Бишкекте СПЕКА Экономикалык форумунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясынын (ЭСКАТО) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу болуп өттү. Белгилүү болгондой, бул документ эки түзүмдүн 2030-жылга чейинки биргелешкен ишинин багыттарын бекемдейт.

Өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары

Меморандум эки уюм үчүн өз ара кызыкчылык туудурган бир катар багыттар боюнча тажрыйба алмашууну, эксперттик консультацияларды жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү карайт.

  • соода процедураларын жеңилдетүү
  • туруктуу транспорт жана логистика
  • санариптик байланыш
  • экономикалык саясат
  • инновациялар
  • жасалма интеллект
  • төмөн көмүртектеги өнүгүү
Меморандум эки уюмдун 2030-жылдын аягына чейинки мындан аркы кызматташуусунун алкагын аныктап, өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча маалымат жана тажрыйба алмашууну, эксперттик консультацияларды жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү карайт.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматтары боюнча

Меморандумга БУУнун башкы катчысынын орун басары, ЭСКАТОнун аткаруучу катчысы Армида Салсия Алишахбана жана ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча коллегия мүчөсү Бахыт Султанов кол койду.