Мамлекет башчысынын калк менен түз байланышы олуттуу экономикалык мааниге ээ. Алар региондордун конкреттүү суроолорун баалоого жана жарандар үчүн эң байкаларлык натыйжа алып келе турган инвестициялардын багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет. Бул жөнүндө экономист Уран Садыгалиев билдирди.

"Макроэкономикалык статистика өлкөнү башкаруу үчүн зарыл. Бирок өндүрүш, инвестиция жана бюджеттик кирешелердин көрсөткүчтөрү бардык суроолорго жооп бербейт. Алардын жардамы менен конкреттүү квартал эмне үчүн канализациясыз калганын же фермерге кредиттик программаны колдонууга эмне тоскоол болуп жатканын түшүнүү мүмкүн эмес. Ошондуктан калк менен сүйлөшүүнү мен экономикалык чечимдер үчүн кошумча маалымат булагы катары карайм"
"Уран Садыгалиев, экономист"

Эксперттин пикири боюнча, адамдар менен диалог мамлекеттик кызматтардын ишиндеги жана инфраструктурадагы кемчиликтерди аныктоо менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн жалпы көрүнүшүн тактоого жардам берет. Садыгалиев бюджетти түзүүдө жарандардын практикалык тажрыйбасын колдонуу Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ЭКӨУ) колдонуган ыкмаларга шайкеш келет деп баса белгиледи.

Мисал катары эксперт президенттин 8-ноябрда Кара-Балта, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен өткөн жолугушуусун келтирди. Иш-чаранын жүрүшүндө шаардын бир турак жай кварталында борборлоштурулган канализациянын жоктугу маселеси көтөрүлгөн. 100ден ашык үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон жергиликтүү тургучтун айтымында, маселе он жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келет, бул көчөлөрдүн жана подвалдардын агын суулар менен басылышына алып келет.