Жогорку Кенештин экс-депутаты Максат Кунакуновдун жубу Кенже мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Өз кайрылуусунда ал күйөөсүнүн камакка алынышынын мыйзамдуулугуна шек келтирип, алдамчылык боюнча кылмыш ишин тергөөгө үчүнчү тараптардын таасир этиши мүмкүн экенин айтты.

Айтымында, Кунакуновду кылмыш жообу менен куугунтуктоого Абдыманап Бегишев (Манап катары белгилүү) жана Улукбек Ырысбеков тиешеси бар болушу мүмкүн. Ал бул адамдар экс-депутаттын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен үй-бүлөлүк бизнес менен үй-бүлө жашаган үйдү өзүнө өткөрүп алган деп ырастайт.

Максат ар дайым балдарга көз салып, алар кайда баратканын, кимдер менен жолугушканын жана эмне менен алектенишин билчү. Анын мыйзамсыз камакка алынышы биздин үй-бүлөгө түздөн-түз таасир этти
Кенже, Максат Кунакуновдун жубу

Экс-депутаттын жубайы тергөө органдарына кысым көрсөтүлүп жатканын да белгиледи. Анын айтымында, Бегишев иштин жүрүшүнө таасир этүү үчүн президенттин атын колдонуп, анын тегерегиндеги байланыштарына шилтеме жасап жатат.

Азыркы учурда тергөө адилетсиз жана бир тараптуу жүрүп жатат. Манап деген ат менен белгилүү адам бул ишке чоң таасир этүүдө экени белгилүү болду
Кенже, Максат Кунакуновдун жубу

Кайрылууда ошону менен бирге, сегиз баланын атасы болгон үй-бүлө башчысынын камакка алынышынан улам үй-бүлөнүн оор абалда турганы баса белгиленген.