Электр энергиясына төлөө системасы — бул ар бир өлкөнүн өзүнчө тарыхын жана экономикалык түзүлүшүн камтыган тармак. Биздин максатыбыз — Кыргызстандагы электр энергиясы үчүн төлөм жүрүшүн Европа жана АКШдагы практикалар менен салыштырып, керектөөчүлөр канча сумманы жана кирешесинин канча бөлүгүн бул төлөмгө жумшап жатканын аныктоо.