«Асель» мамлекеттик ишканасын келечекте ири тигүү фабрикасына чейин кеңейтүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токонов «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында билдирди.
Журналисттер иш-чаранын алкагында ишкананын өндүрүш процесси жана чыгарылып жаткан продукциясы менен таанышты. Ишкананын директору Шайлообек Нурматовдын айтымында, ателье 2022-жылы калыбына келтирилген, 2023-жылы өндүрүш жайларын даярдоо башталган, ал эми 2024-жылы ишкана толук кандуу иштөөгө киришкен.
Ательенин негизги милдети — мамлекеттик ишканаларды атайын формалык кийимдер менен камсыз кылуу болуп саналат. Кардарлардын катарына «Кыргыз темир жолу», «Тазалык», «Кыргызкөмүр» жана аэропорттор кирет.
Учурда ишканада болжол менен 40 адам иштейт. Алар кардарлардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен жайкы жана кышкы атайын кийимдерди, жилеттерди жана башка формаларды даярдашат.
2025-жылдагы көрсөткүчтөр
Бексултан Токоновдун маалыматы боюнча, мамлекеттик ишканалар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен түз келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү ишкананын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.




































