Кара-Суу районундагы жаңы базардын курулушу декабрь айында башталат. Бул тууралуу 18-ноябрь күнү Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев соодагерлер менен болгон жолугушууда маалымдады.
Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча биз базардын курулушун баштайбыз. Ал жерде бардык зарыл шарттар түзүлөт. Андан кийин соода жаңы жерге көчүрүлөт. Жаңы Ош базарын кура баштаганда да эл арасында түшүнбөстүктөр болгон, бирок биз алардын соода кылуусу үчүн бардык шарттарды түзүп бергенбиз.
Туманбаев Бишкектеги жаңы Ош базары курулуп жатканда да соодагерлер арасында коркунучтар болгонун, бирок азыр жаңы базардын курулуп бүткөнүн кошумчалады.
Буга чейин базардын соодагерлери акимияттин имаратына митингге чыгып, жаңы администрация контейнерлерди субаренализүүгө тыюу салып, ишкерлерди бизнестен ажыратып жатканын жана тарифтердин көтөрүлүшүн айтышкан. Туманбаев бул маалыматтар так эмес экенин белгилеп, бийлик органдарынын чечими боюнча ижара акысынын өлчөмү жана тарифтер мурдагыдай эле кала турганын, ошондой эле контейнерлерди сатуу же ижарага берүү мүмкүнчүлүгү сакталарын айтты.















