«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору Акылбек Туратбек уулу өз кызматынан кетти. Белгилүү болгондой, ал ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен токтотуу тууралуу арыз жазган.

Ушуга байланыштуу директордун милдетин аткаруучу болуп Махаббат Асанкулова дайындалды. Булактардын маалыматы боюнча, Асанкулова Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстарын жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы кызматын ээлейт.

Кадр чечими

Бошотулду

Акылбек Туратбек уулу

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору

Дайындалды

Махаббат Асанкулова

Саламаттык сактоо министрлигинин адам ресурстарын жана укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы

Мурун Акылбек Туратбек уулу КР президентинин администрациясында иштеп, эксперт, инспектор жана президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн башчысынын орунбасары сыяктуу бир нече кызматтарды ээлеген.