Кыргызгидрометтин сайтында Бишкектеги атмосфералык абанын сапаты жөнүндө ыкчам маалыматтардын көрсөтүлүшү убактылуу токтоду. Колдонуучулар адаттагы көрсөткүчтөрдүн ордуна техникалык иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу билдирүүнү көрүштү.
Мекемеден билдирилгендей, маалыматтарды чыгарууну токтотуу өлчөө жабдууларын баалоо жана аларды Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык колдонуунун укуктуулугун тактоо зарылчылыгы менен байланыштуу. Ошону менен бирге, датчиктердин өзү кадимки режимде иштеп жатат жана маалыматтарды чогултуу токтотулган эмес.
Бизде маалыматтарды чогултуу токтогон жок, Кыргызгидромет сайтынын интерактивдүү картасында алардын көрсөтүлүшү гана убактылуу токтотулду. Бул колдонулуп жаткан жабдуулардын статусун тактоо жана расмий тастыктоо зарылчылыгы менен байланыштуу болду. Ошондуктан биз Кыргызстандартка кайрылып, расмий корутунду алдык.
Учурда сайтта маалыматтарды туура тартипке келтирүү боюнча иштер уланууда. Максат — колдонуучуларга көрсөткүчтөрдүн маанисин жана аларды колдонуу өзгөчөлүктөрүн туура түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтар менен камсыз кылуу.
Буга чейин кызматтын порталында борбордогу бүткүл аймактар боюнча бөлүштүрүлгөн 50 автоматтык мониторинг станцияларынан алынган маалыматтар онлайн режиминде берилип турган. Жылуут мезгилинде Бишкек абанын булганыш деңгээли боюнча эл аралык антирейтингдик тизмелерде дайыма жогорку орундарды ээлеп келген.










