Жогорку Кеңештин соттук-укуктук маселелер, тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети жолдогу агрессия менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырды. Документ Укук бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 189-1-беренени — «Жол кыймылынын катышуучуларынын агрессивдүү жүрүм-туруму» — киргизүүнү карайт.
Демилге айдоочулар же жүргүнчүлөр мамилелерин тактоо үчүн унаадан түшүүчү, башка унааларды мажбурлап токтото турган же өтүүгө тоскоолдук жасоочу учурларды алдын алууга багытталган. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Бактыяр Калпаевдин айтымында, мындай аракеттер кооптуу маневрлерге жана жол кырсыктарына себеп болот.
Сунушталган санкциялар
Долбоорго ылайык, кыймылга атайын тоскоолдук жасоо же транспорт каражатын бөгөттөө үчүн 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом) өлчөмүндө айып пул каралган. Эгерде айдоочу бир жыл ичинде ушундай бузууну кайталаса, аны жарым жылга унаа башкаруу укугунан ажыратууга болот.
Профилдик комитеттин колдоосуна карабастан, мыйзам долбоору талкууларды жаратты. Бул боюнча булактар билдиргендей, Министрлер Кабинети жана ИИМ колдонуудагы жазалоо чаралары мындай кырдаалдарды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берээрин далилдеп, жаңы ченемге каршы чыгышты.
Мыйзам долбоорунун авторлору · 5
- Бактыяр Калпаевдепутат, демилгечи
- Марлен Маматалиевдепутат, демилгечи
- Медербек Алиевдепутат, демилгечи
- Жайлообай Нышановдепутат, демилгечи
- Равшанбек Рысбаевдепутат, демилгечи












