Кытайдын Жогорку элдик сотунун билдирүүсүнө ылайык, Чжэцзян провинциясынын мурдагы губернатордун орун басары Гао Синфу өлүм жазасына кесилди. Жазанын аткарылышы эки жылга кечиктирилди.
Цзянси провинциясынын Ичунь шаарынын соту тарабынан чыгарылган өкүмгө ылайык, Гао Синфунун бардык жеке мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилет, ал эми саясий укуктары өмүр бою чектелет.
Кытайдын Жогорку элдик сотунун сайтында берилген маалыматтарга таянса, чиновник 2004-жылдан 2025-жылга чейин кызматтык абалынан пайдаланып, компанияларга жана жеке адамдарга курулуш тапшырыктарын алууга, биржага чыгууга жана башка иштерди чечүүгө көмөктөшкөн.
Сот паранын суммасын өтө чоң деп тааныды жана мамлекетке келтирилген зыянды өтө олуттуу деп баалады. Бирок, Гао Синфунун күнөөсүн мойнуна алуусу, өкүнүшү жана коррупциянын башка эпизоддору тууралуу маалымат бергени үчүн ага жеңилдетилген шарттар каралып, өлүм жазасы эки жылга жылдырылды.






